Иш чаранын аталышы:
“Билим майдан” интеллектуалдык оюну
Аннотация:
Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укукттук билимдер факультетинин Кыргызстан тарыхы жана этнологиясы кафедрасынын СЭОм-11-16 тайпасынын II курсунун магистранттарынын уюштуруусунда “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында студент жаштардын акыл көрөңгөсүн, билим деңгээлин көтөрүү жана алардын өз - ара ички мобилдүүлүгүн арттыруу максатында өткөрүлгөн “Билим майдан” интеллектуалдык оюну.
Негизги текст:
Аталган оюнга ТСУББФнын студенттери гана тайпалык негизде команда түзүү менен катыша алышты.Оюн факультетке караштуу чоң аудиторияда төмөндөгүдөй эрежелер менен өткөрүлдү:
көрсөтүлгөн убакыттан эрте же кечиктирилип жиберилген жооптор жокко чыгарылып, башка максаттар үчүн кол телефондорду оюн учурунда колдонууга катуу тыюу салынды.
Таймашка 8 команда: Ак тилек, Улан-кыздар, Келечектин жаштары, Биримдик, Эркин-Тоо, Ынтымак, СЭОб-11-16, СЭО-к-32 катышып, оюн 2 тур менен өттү.
I турда командаларга бардыгы 30 суроо берилип, алардын ичинен озуп чыккан командалар Ынтымак, Улан-кыздар, Ак тилек жана Келечектин тарыхчылары деп табылды.
II тур финалдык мелдеш деп аталып, анда жеңүүчүлөр аныкталды.
Калыстардын чечими III орунду Келечектин тарыхчылары, II орунду Улан-кыздар, I орунду Ынтымак командалары ээлесе, баш байге Ак тилек командасына ыйгарылды.
Негизинен, жогоруда айткандай таймашка жалпысынан 8 команда катышып, алардын ичинен мыкты деп табылгандары финалдык мелдешке катышышкан. Башка таймаштардан өзгөчөлөнүп, бул оюн онлайн түрүндө өтүп, каада-салт, үрп-адат, дүйнөлүк тарых жана белгилүү инсандардын таржымалы сыяктуу тапшырмалардан турган. Андан сырткары көрүүчүлөрдөн да суроолор узатылып, жооптор алынды.
Таймаштын соңунда, жеңүүчү командаларга, мыкты оюнчуларга жана уюштуруучуларга факультеттин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар жана баалуу сыйлыктар ыйгарылып, бул саамалыкты мындан ары улантуу керектигин катышуучулар баса белгилешти.